Нуркыз Сабырова/Фото: портал KABAR
Москвада шаардык жана шаар аралык автобустардын айдоочулары жетишсиз. Бош орундарына Кыргызстандын жарандары тартыла турганын Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди. Анын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ элчиликтин консулу жана КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Москва шаарынын «Мосгортранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын жетекчилиги менен жолугушту. «. «Мосгортранс» МУИдеги иштөө шарттары тууралуу айтып берип, Кыргыз Республикасынын жарандарын айдоочулукка тартууга кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынан келген ишканалардын кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелерин тез жана натыйжалуу чечүү максатында элчилик менен «Мосгортранс» МУИнин өз ара аракеттенүү тартибин макулдашышты. 2023-жылдын май айына карата «Мосгортранс» мамлекеттик унитардык ишканасында Кыргыз Республикасынын 1000ге жакын жараны эмгектенет.