Россиядагы мигранттар коронавируска чалдыккандар акысыз дарыланат
Фото: Василий Шапошников, Коммерсантъ.
Россияда жашаган мигранттар коронавируска чалдыккан учурда акысыз медициналык жардам ала алышат. Коронавирус коомдук коркунучтуу ооруларга кирет, ошондуктан дарылоо мамлекеттин толук көзөмөлүндө болушу керек. Россиянын борборунда аныкталган инфекциясы бар же анын бар деп шек саналган бейтаптарга медициналык жардам акысыз көрсөтүлүп, жергиликтүү тургундарга жана чет өлкөлүктөргө бөлүнбөйт, деп билдирет “Парламентская газета”.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее