Россияга келген мигранттар орус коомунун, ошондой эле келген аймактардын ченемдерин жана эрежелерин сыйлашы керек. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында билдирди. "Бизге Россияга иштегени жана окуганы келгендердин баарына тиешелүү талап – бул биздин каада-салттарыбызды урматтоо, орус коомунун нормаларын жана эрежелерин сактоо. Бул жерде регионалдык аспект дагы абдан маанилүү. Мигрант кайда келсе – Москвага, Түндүк Кавказга же башка жерге – ал адам келген аймактардын жалпы россиялык нормаларын да, (эрежелерин да) билиши керек. Милдеттүү түрдө”, – деди орус лидери. Ал ошондой эле миграциялык саясатта бийлик биринчи кезекте коопсуздук, социалдык чөйрө жана эмгек рыногу маселелеринде орус жарандарынын кызыкчылыгына таянышы керектигин белгиледи. "Бул жерде биз үчүн тобокелчиликтерди жаратпай, өлкөнүн жана экономиканын өнүгүүсүнө иштеген ийкемдүү, тең салмактуу мамиле абдан маанилүү", – деди мамлекет башчы.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее