Мигранттардын балдарына орус тилин үйрөтүү платформасына 40 миң адам катталды

Фото:РИА Новости/ Алексей Куденко

Мигранттардын балдарына орус тилин үйрөтүү үчүн түзүлгөн «Балдар бул жерде» («Дети здесь») билим берүү платформасы бир жыл ичинде 40 миңден ашык адамды кабыл алды. Катталган балдардын көбү Россияга көчүүнү пландап, орус мектептеринде окууга алдын ала даярданып жатышат, деп билдирди долбоордун жетекчиси Ксения Рудич дүйшөмбү күнү ТАСС агенттигинде берген маалымат жыйынында. «Долбоор бир жылдан бери иштеп жатат, 2022-жылдын 6-июнунда ишке киргизилген. «Балдар бул жерде» – Азербайжан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген мигрант балдарды окутуу боюнча онлайн-платформа. Долбоордун жыйынтыгы боюнча жыл ичинде бизде платформада 40 миңден ашык катталуу бар. Кайсы жерден катталганына караганда – Россияга келе элек, бирок жакын арада көчүп келүүгө камынып жаткан көптөгөн балдар катталган», – деди Рудич маалымат жыйынында.

Источник