Мамлекеттик Дума мыйзамсыз мигранттар тууралуу маалымат үчүн 100 миң төлөөнү сунуштады

Людмила Трифонова/ Фото: пресс-служба ГУ МВД России по Новосибирской области

ЛДПРден Мамлекеттик Думанын депутаты Сергей Каргинов Россиялыктарга мыйзамсыз мигранттардын жашаган жерлери тууралуу маалымат үчүн 100 миң рубль төлөп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү өз менчик Телеграм — каналында билдирди.

Ал буга чейин Россиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Владимир Колокольцевге тиешелүү кайрылууну даярдап, жөнөткөнүн белгиледи.

«Мигранттар жасаган кылмыштар барган сайын күч алууда. Мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөштү күчөтүү зарыл. Мигранттардын батирлерде мыйзамсыз жашагандыгы тууралуу билдирүү үчүн 100 миң рубль өлчөмүндө сыйлык системасын киргизүүнү сунуштайм» – деп жазган экен Каргинов.

Источник