Кыргызстан Россиядан бөлүнбөшү керек-эмгек мигранттары менен маек

Фото: © Sputnik / Таалайбек Ороскулов

Россияда иштеп жүргөн КР мигранттары кыргызстандыктардын ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти. Москвада КР биринчи айымы Айгүл Жапарова жана РФ Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун катышуусунда «Кыргызстан жана Россия аялдарынын келечек үчүн диалогу» аттуу форум болуп өттү. Sputnik Кыргызстан радиосуна «Өзгөчө басым» («Особый акцент») программасында Жогорку Кеңештин төрагасынын Санкт-Петербургдагы миграция маселелери боюнча кеңешинин өкүлү Дариха Шахматова форум жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

Аялдар форуму биринчи жолу өткөрүлдү, бирок тараптар аны жыл сайын өткөрүүнү макулдашышты. Ага кыргыз тараптан Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери жана башка адамдар катышты. Иш-чаранын катышуучулары гуманитардык кызматташууну, саламаттыкты сактоону, аялдардын ишкердүүлүгүн, эне жана баланы мамлекет тарабынан колдоону өнүктүрүүнү талкуулашты.

Источник