Фото: РИА Новости/Владислав Ушаков
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн чегинен тышкары жакка эмгек миграциясына кеткендер үчүн коопсуз миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча ыкчам маалымат берүүчү маалыматтык күркөлөрү (LED-панелдер) орнотулган. «Эмгек министрлиги чет өлкөдө коопсуз ишке орноштуруу жаатында президент Садыр Жапаров койгон милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бүгүнкү күндө мыйзамдуу түрдө ведомство аркылуу Россияда, Улуу Британияда, Түштүк Кореяда жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринде ишке орношууга болот. Ошол эле учурда министрлик чет жактагы жарандарыбыздын эмгек укуктарын да коргойт. Маселен, Россия Федерациясында иштеген кыргызстандыктар иш берүүчүлөр менен кандайдыр бир жагдайда ар дайым Москвадагы Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнө кайрыла алышат. Алгачкы төрт айда эле министрликтин кийлигишүүсү менен 100гө жакын адам жалпы суммасы 8,5 миллион рубль төлөнбөгөн маяна ала алышты», – деди эмгек министри Кудайберген Базарбаев ачылыш аземинде.