Фото: РИА Новости/ Илья Наймушин
Москвада «Нелегал-24» операциясынын биринчи этабынын жыйынтыгы чыгарылып жатат. Коңшу өлкөлөрдөн келген адамдар иштеген ишканалар, курулуш аянтчалары жана башка объектилер өлкө боюнча олуттуу текшерүүдөн өттү.
Бир жуманын ичинде эле полиция кызматкерлери миграция тармагында 50 миңден ашык укук бузуулардын алдын алышты. Жыйынтыгында 11 миң эреже бузгандарга Россияга кирүүгө тыюу салынып, тийиштүү түрдө таризделген документтери жок чет элдиктерди жумушка алган ишкерлерге айып пул салынды.