ЕАЭБден келген эмгек мигранттары үчүн жеңилдиктер киргизилүүдө

Фото: РИА Новости-Руслан Кривобок

2022-жылдын 29-декабрындагы №574-Федералдык мыйзамы 2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялады. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин эмгек мигранттары үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жүрүү жана иштөө режими каралып жатат. Юристтердин жана педагогдордун квалификациясы, илимий даражалары жана наамдары жөнүндө документтерди таануу бекитилет. Иштеп жаткан мигрант жумушка орношкон мамлекеттин аймагынан чыкпастан эле, кирүү максатын өзгөртө алары аныкталды. ЕАЭБ жөнүндө келишим – Армениянын, Белоруссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын жарандарынын аталган өлкөлөрдүн аймагында укуктарын жөнгө салуучу башкы документтердин бири.

Источник