В.Путин: Россия эмгек мигранттары менен кырдаалды жакшыртууга умтулат

РФтин Президенти Владимир Путин РФ жакынкы чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттары менен кырдаалды жакшыртууга умтулуп жатат жана умтула бермекчи деп билдирди. «Өз тарабынан Россия бизге иштөөгө келип жаткан чет өлкөлөрдүн жана, албетте, биринчи кезекте ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнүн жарандары үчүн шарттарды максималдуу жакшыртууга умтулат жана умтула бермекчи», – деп айтты Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин видеоконференция режиминдеги отурумунда. Ал жакынкы учурда ишке орношуу үчүн керектүү бардык документтерди онлайн тариздөөгө мүмкүндүк бере турган «Чек арасыз жумуш» унификацияланган интернет-тутуму жана тиешелүү тиркеме ишке киргизилерин белгиледи.
https://1prime.ru/state_regulation/20210521/833722969.html