Волоколамскта Мусулман руханий-агартуу борборун ачууга даярдык жүрүп жатат

Фото: Пресс-служба ДУММО

Москва облусунун мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы муфтий Рушан Аббясов жана Волоколамск шаарынын башчысы Михаил Сылка салтанаттуу ачылышы 11-майга белгиленген райондогу Мусулмандардын руханий-агартуу борборуна барышты. Тараптар ачылыш аземинин сценарийин жана салтанатка даярдыктын жүрүшүн талкуулашып, курчап турган аймакты көрктөндүрүүгө тиешелүү негизги маселелерди иштеп чыгышты. Азирети Рушан Борбор мемориалдык статуска ээ экендигин жана анын имараттарынын биринде Волоколамск шаарынын тарыхына, анын орто кылымдардагы мезгилине жана эң негизгиси Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине, атап айтканда, панфиловчу-баатырлардын эрдигине арналган музей жайгашаарын баса белгиледи.

Источник