Москвада таксилердин айдоочуларын туура кеп сүйлөөгө жана топонимикага окутуу үчүн санариптик платформаны түзүүнү пландаштырышууда. Сервисти түзүүгө борбор калаанын бийлиги 59,5 миллион рубль бөлмөкчү. Мындай токтомго Сергей Собянин Москванын өкмөтүнүн президиумунун отурумунда кол койду. Бул тууралуу мэрдин mos.ru расмий сайтында маалымдалат. Анын ичинде таксисттерди типтүү жана шашылыш кырдаалдарда өзүн кантип туура алып жүрүүгө, ошондой эле шаардын тарыхынын негизги окуялары, пландаштырылышы, негизги райондору жана кооз жайлары тууралуу айтып берүүгө үйрөтүүнү ниет кылышууда.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее