Фото: mos.ru
Жыл сайын 24-апрелде Россиянын Армяндар биримдиги ксенофобия жана зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүн алдын алууга багытталган бир катар эскерүү иш-чараларын уюштурат.
Күндүн борбордук окуясы «Геноцид. Эскерүү жана эскертүү» Москвадагы «Президент мейманканасында» болду.
Ачылыш аземинин алкагында Россиянын Армяндар союзунун президенти Ара Абрамян белгилей кетти: «Конференция аймактагы өтө оор жана маанилүү окуялардын фонунда өтүп жатат. Армян эли татаал сыноолорду жана чакырыктарды баштан кечирип жатат, биз мындан жуз жыл мурда болгон окуяларды кайра башынан өткөруп жаткандай болууда». Белгилүү болгондой, армян чиркөөсү геноцидде курман болгондорду ыйык деп эсептейт. Бирок, Абрамяндын айтымында, алар өтуп кеткен соң, тарыхта калды дегенди билдирбейт. Алар ар бир армяндын турмушунда — терең ишеними, женилбес духу жана аткарылбаган кыялдары менен жашайт.