«Билингва» конкурсуна арыздарды кабыл алуу башталды

Фото: mos.ru

Москвада тогузунчу «Билингва» конкурсуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу жарыяланды. Конкурстун «ВКонтакте» баракчасында маалымдалгандай, ага орус тили эне тили болбогон же экинчи эне тили болгон, он жаштан жыйырма эки жашка чейинки Россия жана чет мамлекеттердин тургундары катыша алышат. <… > Чыгармаларды 24-сентябрга чейин жөнөтсө болот. Конкурс Москванын улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар департаменти тарабынан Москва Өкмөтүнө караштуу улуттар Кеңеши жана эл аралык педагогикалык коом менен биргеликте орус тилин колдоо максатында уюштурулган. Өнөктөштөр – «Этносфера» улуттар аралык билим берүүгө көмөктөшүү борбору жана Москва мамлекеттик педагогикалык университети.

Источник