АУК мигрант аялдар үчүн жөлөк пул алуу шартын киргизүүнү сунуштады

Фото: РИА Новости / Алексей Майшев

Россия Федерациясынын Президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев орус жарандыгын алган мигрант аялдардын жөлөк пул алуусу үчүн орус тилин билүүнү милдеттүү шарт катары киргизүү идеясын талкууга коюуну сунуштады. «Орус жарандыгын алган, орус тилин билбеген, окугусу келбеген мигрант аялдар, үй кожойкелери аз эмес. Алардын баардыгы тиешелүү болгон жөлөк пулдарды – балага жөлөк пул, энелик капиталды алып жатышат. Менин сунушум катаал, ал талкууну талап кылат, жөлөкпул алуу үчүн орус тилин билүү милдеттүү шарт болушу керек деп эсептейм», – бул тууралуу Фадеев “Россия сегодня” эл аралык мультимедиялык пресс-борбордо “Миграция көйгөйлөрү: тил, балдар, социалдык колдоо” темасында өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Бизге эмне үчүн орус коомуна кошулгусу келбеген жана орус тилин да үйрөнгүсү келбеген мигранттар керек, аларды кандайдыр бир жол менен интеграциялоого түрткү беришибиз керек – жалаң гана жумшак ыкмалар менен эмес», – деди Фадеев.

Источник