Алексеев районунда “Көп улуттуу Москва – чыр-чатаксыз аймак” долбоорунун алкагында жолугушуу өттү
Фото: "Этносфера"
13-апрелде Алексеев райондук администрациясында Москванын түндүк-чыгыш административдик округунун беш районунун турак жай-коммуналдык чарба тармагында иштеген чет элдик жумушчулар менен жолугушуу семинары болуп өттү. Иш-чара улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар департаменти тарабынан Москва шаарынын 2025-жылга чейинки Улуттук саясат стратегиясын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Семинарга Алексеевский, Бутырский, Марфино, Марьина роща жана Ярославский райондорунан келген 90го жакын эмгек мигранттары, Москванын улуттук-маданий бирикмелеринин өкүлдөрү, улуттук саясат жана мигранттарды адаптациялоо чөйрөсүндөгү эксперттер, Москва Өкмөтүнө караштуу улуттар кеңешинин Президиумунун мүчөлөрү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жумушка алган иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышышты.
Мы используем сервис веб-аналитики Яндекс.Метрика, который анализирует использование сайта и помогает улучшать его работу. Для этого сервис применяет файлы cookie и обрабатывает обезличенные данные о посещениях. Подробнее