Фото: Альфия Камилова / Вечерняя Москва.
Россия Федерациясынын Коомдук палатасында өткөн «Мегаполистердеги мигранттардын интеграциялануу жана адаптациялануу проблемалары жөнүндө» конференциясында, журналисттер жана блогерлер мигранттарга Москвада жайгашууга жардам берүүгө арналган долбоорлорун көрсөтүштү. Этностор аралык журналистика Гильдиясынын » Москва – өз ара түшүнүшүү аймагы» долбоору формалдуу эмес бирикме катары түзүлгөн, ага Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын 20 өкүлү киришкен. |