Россияда мигранттардын биометриясын тапшыруу менен кирүүсү боюнча эксперименттин жаңы этабы башталат
Бул этап 2026-жылдын 30-июнуна чейин уланат
Россияда мигранттардын өлкөгө кирүүсүнүн жаңы эксперименттик этабы башталды. Ага ылайык, чет элдик жарандар сапарларынын максатын алдын ала билдирип, биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу керек. Бул эксперименттин алкагында Россияга кирген чет элдиктердин жеке жана биометрикалык маалыматтары менен санариптик профили түзүлөт.
Өкмөттүн тиешелүү токтомуна ылайык, эксперименттин экинчи этабы 2025-жылдын 30-июнунан 2026-жылдын 30-июнуна чейин уланат. Эми Россияга визасыз кирүү үчүн чет элдик жарандар, анын ичинде аракетке жөндөмсүз же жашы жете элек адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрү, сапар пландалганга чейин кечиктирбестен 72 саат мурда электрондук арыз толтурууга милдеттүү. Арызда сапардын максатын, жеке маалыматтарды көрсөтүү, сүрөткө түшүү, өздүгүн тастыктаган документтин сүрөтүн жүктөө, үн жаздыруу жана андан соң маалыматтардын текшерилишине күтүү талап кылынат.
Эгерде Россияга шашылыш кирүү зарылчылыгы документ түрүндө тастыкталса (мисалы, шашылыш дарылануу, ооруканага жатуу, жакын тууганынын каза болушу ж.б.), анда арызды чек арадан өтүүгө 4 саат калганда да толтурууга уруксат берилет.
Электрондук арызды толтуруу үчүн RuID мобилдик тиркемесин колдонсо болот. Тиркемени RuStore, Google Play, AppGallery жана App Store платформаларынан жүктөп алууга болот. RuID тиркемеси англис, армян, казак, кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жеткиликтүү. Катталуу үчүн электрондук почта талап кылынат, орус телефон номери көрсөтүү милдеттүү эмес. Тиркеме аркылуу Россияда медициналык камсыздандыруу же ИИМге кабыл алуу сыяктуу кызматтарды алууга да мүмкүнчүлүк бар.