30-сентябрда «Москва дүйнө элдеринин ыргагында» улуттар аралык кече өтөт

Фото: РИА Новости-Игорь Зарембо.

30-сентябрда борбор калаада “Москва дүйнө элдеринин ыргагында” аттуу улуттар аралык XVIII кече өтө турганын Москванын Улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар департаментинин басма сөз кызматы билдирди. «»Москва дүйнө элдеринин ыргагында» улуттар аралык кечеси» 2004-жылдан бери 1,5 миңден ашуун ар улуттун жаштарын чогултуп келе жаткан массалык жана жандуу иш-чара болуп саналат. Достук жана расмий эмес чөйрөдө жаштар чыгып жаткан улуттук чыгармачыл жамааттарга активдүү колдоо көрсөтүп, баарылашышат жана бирге бийлешет. Бул жылы заманбап технологияларды пайдалануу менен фольклордук салттарга негизделген жаңы кызыктуу музыкалык топтор менен таанышуу сунушталат», – деп айтылат билдирүүдө. Маалым болгондой, иш-чара «Известия Холл» клубунда оффлайн жана онлайн форматта өтөт.

Источник