30-августта «Царицыно» музей-коругунда өзбек керамикасынын көргөзмөсү ачылат

Фото : РИА Новости/Виктор Чернов

30-августтан 12-ноябрга чейин «Царицыно» музей-коругунда «Байыркы Риштандын жаңы керамикасы» аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. «Өзбекстандын «усталар шаары» Риштандын заманбап керамикалык виртуоздору кол өнөрчүлүктүн байыркы салттарын кандай чечмелеп жатканын көрүп, керамикалык үлгү алфавитин үйрөнүп, кузагарлар менен наккошилер кимдер экенин жана алар аждархо менен саршуякты эмне үчүн колдонушаарын, Риштан көгүлтүрү жана глазуру башкалардан эмнеси менен айырмаланарын биле аласыздар. Мунун бардыгын 30-августтан тартып Чоң сарайдын Казаковский залында «Байыркы Риштандын жаңы керамикасы» көргөзмөсүндө көрүүгө болот.

Источник