2021-жылы Москвада 146 миң миграциялык мыйзам бузуулар аныкталды

Фото: РИА Новости/Михаил Мокрушин

Өткөн жылы Москвада миграциялык мыйзам жаатында 146 миңден ашык мыйзам бузуулар аныкталып, соттун чечими менен 1,8 миңден ашуун адам Россиядан чыгарылган. Бул тууралуу Орусиянын ИИМ Москва башкы башкармалыгы Москва шаардык думасынын отурумунда көрсөткөн видеоматериалдарда айтылат. «Жалпысынан өткөн жылы миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндө 146 миң 65 административдик укук бузуулар аныкталып, мыйзамсыз ишке орноштуруу боюнча 11миң 6 факты, ошондой эле чет элдик жарандарды эмгекке тартуу тартибин бузуунун 13 миң 56 фактысы аныкталган. РФнын аймагынан чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу боюнча сот органдары тарабынан 1802 чечим чыгарылып, 10 325 жаранга өз алдынча көзөмөл астында чыгуусуна чечим чыгарылган»,– деп айтылат материалдарда. РФнын аймагынан чет өлкөлүк жарандарды чыгаруу боюнча сот органдары тарабынан 1802 чечим чыгарылып, 10 325 жаранга өз алдынча көзөмөл астында чыгуусуна чечим чыгарылган»,– деп айтылат материалдарда. Полиция белгилегендей, өткөн жылдын жайында этникалык диаспоралардын өкүлдөрү тарабынан эмгек мигранттарынын катышуусу менен бир катар массалык уруштар козголгон. Ошону менен бирге, шаардык полиция башкармалыгынын башчысы бул чыр-чатактар көбүнчө турмуш-тиричилик маселелеринен улам келип чыккандыгын кошумчалады.

Источник