Чет элдиктер жаңы сайттын жардамы менен Москва аймагында жумуш таба алышат

Фото:РИА Новости-Алексей Филиппов

Москванын көп кызматтуу миграциялык борбору ордо калаада жана Москва аймагында иштөөнү каалаган иш берүүчүлөр жана чет элдик жарандар үчүн сайт ачты. Бул тууралуу журналисттерге борбор калаанын өкмөтүнүн министри, шаардын экономикалык саясат жана өнүктүрүү департаментинин башчысы Мария Багреева билдирди. Анын айтымында, КМБ Россия Федерациясы менен дос мамлекеттердин ортосундагы миграциялык мамилелерди өнүктүрүүнүн алкагында көптөн бери масштабдуу иштерди жүргүзүп келет. КМБдун ишмердүүлүгү чет өлкөлүк жарандардын сапаттуу, тез жана легалдуу интеграциясын өнүктүрүүгө, алардын Москванын жана Москва аймагынын экономикасына кошкон салымын жогорулатууга көмөктөшөт.

Источник