ЧАОда чет элдик эмгек мигранттары менен үч жолугушуу болуп өттү

Фото:проект «Многонациональная Москва – территория без конфликтов».

Жолугушуулар «Көп улуттуу Москва – чыр-чатаксыз аймак» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. 2022-жылдын 18-21-июлу аралыгында борбор калаада чет элдик эмгек мигранттары жана жергиликтүү улуттук-маданий бирикмелер менен дагы үч тематикалык жолугушуулар-семинарлар болуп өттү. Түштүк-Чыгыш округунан долбоор Чыгыш администрациялык округунун үч: Богородское, Новогиреево жана Косино-Ухтомский районунун аймактарына орун которду. Иш-чаралардын максаты – Москва шаарынын конкреттүү райондору менен округдарынын аймактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттук-маданий коомдордун жана Москва мегаполисинде жашаган жана иштеген эмгек мигранттарынын чөйрөсүндө улут аралык жана дин аралык кыртышта этнос аралык чыӊалуунун жана чыр-чатактардын келип чыгуусунун алдын алуу маселелерин талкуулоо. Иш-чаралар Москва шаарынын Улуттук саясат жана аймак аралык байланыштар департаменти тарабынан Москва шаарынын 2025-жылга чейинки мезгилге Улуттук саясат стратегиясын ишке ашыруу боюнча планынын алкагында өткөрүлүүдө.

Источник