РФ Мусулмандарынын Дин башкармалыгы муктаж болгондор үчүн «Рамазан Карим» – 2022 акциясын жарыялайт

Фото: акции «Рамадан Керим — 2022»

2022-жылдын 1-апрелинен тарта «Рамазан Карим – 2022» акциясынын алкагында азык-түлүк баштыктарын алуу үчүн Москва жана Москва облусундагы муктаж болгондордун арыздарын кабыл алуу башталат. Кошумчалай кетсек, Москва борбордук мечитинин аймагында атайын тигилген чатырда күн сайын жүздөгөн ыймандуулар ысык ифтар менен тамактанышат. Акция РФ Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан муфтий шейх Равиль Гайнутдиндин батасы жана Сулейман Керимовдун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Акцияны өткөрүү үчүн чалуу-борбору түзүлдү. Рамазан айында арыздар күн сайын ишембиден тышкары саат 10:00дөн 18:00гө чейин 8 495 150 16 70 номуру аркылуу кабыл алынат. Азык-түлүк баштыктарын таратуу Москва борбордук мечитинин аймагында уюштурулат. Таркатуу күнү жана убактысы арыз ээлери чалуу-борборлоруна кайрылганда кабарланат. «Рамазан Карим» акциясы РФ Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан Сулейман Абусеидович Керимовдун колдоосу менен үчүнчү жолу катары менен өткөрүлүүдө.

Источник