РФ ИИМ паспорттук-визалык кызматынын өкүлчүлүгү Өзбекстанда аккредитациядан өттү

Фото:  с сайта Dunyo.info.

Россиянын ИИМ «Паспорттук-визалык кызмат» (ПВК) федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын өкүлчүлүгү Өзбекстанда иштөө үчүн аккредитациясынан өттү, деп билдирди Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин «Дуне» маалымат агенттиги бейшемби күнү. 2020-жылдын декабрь айында Өзбекстандын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлигине караштуу Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги Москва шаарындагы ПВК жана «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемеси менен келишимдерге кол койгон. Документтер, атап айтканда, Өзбекстанда миграциялык борборлордун фронт-офистерин ачууну карайт. «Тышкы иштер министрлигинин Консулдук-укуктук департаментинде Россиянын ИИМ «ПВК» федералдык мамлекеттик унитардык мекеменин өкүлү Олег Костюкка, мекеме Тышкы иштер министрлигинде аккредитациядан өткөндүгү тууралуу расмий күбөлүк тапшырылды»,– деп айтылат маалыматта.

Источник