Россия ИИМинин өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен жолугушту

Фото: посольство Киргизии в России

Маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин алкагында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФ ИИМинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн Москва жана Москва облусунун кыргыз диаспоралык уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин лидерлери жана активисттери менен жолугушуусун уюштурду. Бул тууралуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө россиялык тарап мыйзамдардагы негизги жаңылыктар жана миграциялык чөйрөдөгү иштелип жаткан демилгелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берди, ошондой эле Россиянын аймагындагы Кыргызстандын жарандарынын миграциялык абалы, мигранттардын жасаган жосунсуз жоруктарынын статистикасы жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча маалымат берди.

Источник