Россиянын Ички иштер министрлиги жакында борбор калаанын аэропортторуна келген мигранттарды дактилоскопиядан өткөрүү жана сүрөткө тартуу боюнча иштерин жүргүзө баштайт

Фото: © Антон Новодережкин/ ТАСС

Бул тууралуу ИИМдин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова билдирди. «Азырынча, тилекке каршы, чек арада биз дактилоскопиядан өткөрбөйбүз, бирок Москва Өкмөтүнүн сунуштарын эске алуу менен биз жакын арада бул тажрыйба жүргүзө баштайбыз деп ойлойм. Анда [келгендер] Москванын аба түйүнүндөгү ар бир аэропортунан дактилоскопиядан өтүп, сүрөткө түшүшөт. Ал эми биз атагандай «Кубулма», башкача айтканда, тактоочу маалыматтарын өзгөрткөн адамдар РФнын аймагына кире алышпайт», – деди ал IV Бүткүл Россиялык форумдун «Россия элдери – улуттук саясат: заманбап этап» бөлүмүнүн пленардык отурумунда.

Источник