РМДЧ алдындагы РОСМИГРАНТ Москвадагы кыргыз диаспорасынын жаштары менен жолугушуу өткөрдү

Фото: https://dsmr.ru

РОСМИГРАНТ уюмунун мигранттарды укуктук коргоо жана социалдык-маданий адаптациялоо борборунун жетекчиси Хуснидин Абдулкасимов Москвадагы кыргыз диаспорасынын жаштары менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында эмгек мигранттарын интеграциялоо жана адаптациялоо, алардын Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын сактоо маселелери каралды. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын кеңири таралган түрлөрү, уруксат берилбеген митинг-пикеттерге катышууга жол берилбестиги тууралуу сөз болду. Мигранттар арасында кылмыштуулуктун алдын алуунун натыйжалуулугунун эң маанилүү шарты болуп диаспоралык коомдук уюмдардын Россиянын ИИМ тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсү саналат. Ал максаттарды координациялоону, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү камтыйт. Ошондой эле РОСМИГРАНТ мигранттарды укуктук коргоо жана социалдык-маданий адаптациялоо борборунун диаспора коомчулугунун жетекчилиги, лидерлери жана активисттери менен өз ара аракеттенүүсүнүн форматтары, улуттар аралык чыр-чатактын алдын алуу боюнча аракеттерди координациялоодо, атап айтканда, массалык маалымат каражаттарынын жардамын жана социалдык тармактарын колдонуу жөнүндө талкуу болду. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар маанилүү келишимдерге жетишилди. Анын ичинде – зарыл маалыматтарды алмашуу, укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кечиктирилгис милдеттерди аныктоо жана чечүү, тиешелүү иш-чараларды пландаштыруу, анын натыйжалуулугун жогорулатуу, жетишилген натыйжаларды баалоо боюнча. Жолугушуунун катышуучулары анын маанилүүлүгүн белгилешип, кызматташууну чыңдоо ниетин ырасташты.

Источник