Муфтий мигранттар үчүн Россиянын тарыхы боюнча курстарды киргизүүнү сунуштады

Фото: © Пресс-служба ДСМР.

Россиянын Мусулмандарынын диний жыйымынын төрагасы муфтий Альбир Крганов өлкөгө келип жаткан мигранттар үчүн россиянын тарыхынын курстарын уюштурууну сунуштады.

«Бул жакка келип жаткан адамдарды орус тилине окутуу абдан туура, анткени аларга бул биринчи кезекте керек, бул алар үчүн тоскоолдук. Бирок биз алар үчүн Россиянын тарыхынын кыскача курсун өткөрүүнү сунуштамакпыз, анткени, 25-30 жашка толгон жаштар, орус тилин үйрөнгөн эмес, жана биздеги сыяктуу советтик коомчулук түшүнүгү аларда жок болуп калган», — деп айтты муфтий. Крганов, жаштарга: «силер бара жаткан өлкө, чоочун эмес, силерге думшмандыгы жок мамлекет» экенин түшүндүрүү зарыл деп белгилеп кетти.

https://ria.ru/20211102/kursy-1757401936.html