Москванын метросунда полиция кызматкерлерин сабаган мигранттар сот жообуна тартылат

Фото: Кристина Кормилицына / Коммерсантъ

Москвада метродо полиция кызматкерлерин сабаган мигранттар боюнча тергөө аяктады. Экөө тең жакында сотко киришет. Бул тууралуу шаршембиде, 30-мартта, Россиянын Тергөө комитетинин (РТК) борбордук башкармалыгынын расмий өкүлү Юлия Иванова «Lente.ru» сайтына билдирди.

18 жана 21 жаштагы жигиттерге РФ Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси («Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү») боюнча айып тагылууда. Мигранттар Россияда мыйзамсыз жүрүшкөнү, ар кандай коммерциялык уюмдарда иштеп, ижарага алынган батирде жашап жүргөнү белгилүү болду. Эми алардын иш берүүчүлөрү жана аларды турак жай менен камсыз кылган адамдар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 17-февралда «Тулская» метро станциясында полициялар Тажикстандын эки жаранынан өздүгүн тактоо үчүн алар менен бирге баруусун суранган. Алар баш тартып, андан соң кол салышкан. Шектүүлөрдүн бири дароо ошол жеринде кармалып, экинчиси издөөгө алынган. Ал кийинки күнү кармалган.

Источник