Москвада улуттук диаспоралардын кечеси жана мигранттар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

фото мэрии Москвы

Москвада мигранттар арасында жаштарды адаптациялоо жана интеграциялоо боюнча бир катар иш-чаралар болуп өттү. Борбор калаадагы китепканалардын биринде борбор калаадагы улуттук диаспоралардын кечеси өттү, андан соң Мамлекеттик башкаруу университетинин спорт комплексинде волейбол боюнча «Достук кубогу» турнири өткөрүлдү, деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы. Улуттук диаспоралардын маданий кечесинин алкагында кыргыз, тажик жана өзбек диаспораларынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Волейбол боюнча мелдешке “Лейлек”, “Памир”, “Кыргызстан”, “Москвадагы өзбек шериктештиги» коомдук уюму, Бескудниково райондук администрациясы жана Печатники райондук администрациясынын командалары катышты. Байгелүү орундарды «Памир», «Лейлек» жана «Кыргызстан» командалары ээлеп, кубок, медалдар жана белектер менен сыйланышты.

Источник