Москвада мигранттар үчүн маалымат жыйындары өтүүдө

Фото: АиФ/ Игорь Харитонов

1-ноябрдан 9-ноябрга чейин Москвага иштегени келген чет элдик адистер акысыз юридикалык кеңештерди жана борбор калаада жеңил ыңгайлашуу, «Лесопарковая» метро станциясынан «Сахарово» миграциялык борборуна чейин түз каттаган шаардык автобустары тууралуу маалымат ала алышат. Бул Москва өкмөтүнүн долбоорунун жаңы этабы – маалыматтык жолугушуулардын аркасында мүмкүн болду. «АИФтин» кабарчысы биринчилерден болуп маалымат алды. «Лесопарковаянын» жанындагы аялдамада жүргүнчүлөр миграциялык борборго бара турчу автобусту күтүп турушат. Алар Россияга акча табуу максатында келишкен жана азырынча эстерин жыйа элек учуру. 

Источник