Москвада кыргыз аялдарынын биринчи форуму болуп өттү

Фото:  kginfo.ru

26-мартта Москвада кыргыз аялдарынын форуму болуп өттү. Уюштуруучулар Форумду “Аялдар жаратат жана бириктирет” деп аташкан. Форумда эмгек мигранттарынын ден соолук, үй-бүлө, балдар, жумуш, үй сыяктуу бир катар актуалдуу маселелери каралды. «Мигрант аялдар» менен байланышкан маселелер актуалдуу бойдон калууда жана али чечиле элек. Биринчи кезекте ден соолук, үй-бүлө жана балдар жөнүндө сөз болууда. Балдарын багып, аларды тарбиялап, окутуу үчүн иштеп жүргөн көп балалуу аялдар арбын. Баяндамачылар эмгек мигранттарынын балдарын тарбиялоо жана окутуу, энелердин ден соолугу, үй-бүлө жана ажырашуу, негизги укуктар жана үй-бүлө очогу сыяктуу темаларга токтолушту. Талкуу аянтчасына эркектер да катышып, мигрант-аялдар түрдүү тармактарда, анын ичинде тейлөө тармагында жигердүү иштеп жатканын белгилешти. Тиешелүү органдар, анын ичинде элчиликтер дагы жумушчу аялдар менен диалогго келе элек. Кыргыз диаспорасынын аялдар кеңешинин төрайымы Сонунбү Карабаева kginfo.ru сайтына Россияда көптөгөн аялдар иштеп жатканын билдирди. Мигрант балдардын укуктары, ошондой эле мигрант балдарды тарбиялоо жана окутуу маселеси биринчи орунда турат. Көптөгөн балдар энесинен жана тарбиясынан ажыратылган. Карабаеванын айтымында, Форумдун максаты – азыркы реалдуулуктун ушундай оор жүгүн көтөргөн аялдар жөнүндө дагы бир жолу эскерүү. «Корутунду резолюцияда Форумда талкууланган актуалдуу маселелер чагылдырылган жана ал тиешелүү бөлүмдөргө өткөрүлүп берилет».

Источник