Москвада Курман айтта мал союулучу жайлар болбойт, – деди муфтий

Фото: © РИА Новости / Александр Кряжев.

Москва облусунда Курман айт майрамына карата курмандык союу үчүн атайын жабдылган жайлар бар, Москвада атайын курмандык союу үчүн атайын жабдылган жайлар жок, деп билдирди Россия Федерациясынын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Кеңешинин төрагасынын орун басары Рушан Аббясов.

«Курмандык союу маселеси боюнча эч бир терс көрүнүштөгү окуялар болбошу үчүн – курмандык союу атайын арналган жерлерде өткөрүлөт. Эч кандай провокациялар болбошу үчүн ал жөнүндө бүгүн биздин сайттарга маалымат жарыяланган. Москвада бизде андай жерлер жок. Москва облусунун аймагында бар – үч күндүн ичинде ал жерлерден курмандык чалууга болот. Кимге курмандык кылуу оор келсе, курмандыкка буйрутма берүү кызматы бар: пенсионерлер, атайын курмандык кылынуучу жерлерге баруу кыйын болгон адамдар, курмандык этин үйлөрүнө чейин алып келүү кызматынан пайдалана алышат”,– деп билдирди ал Москва-Мекке телемосту учурунда «Россия бүгүн» эл аралык мультимедиялык басма сөз борборунда.

Источник