Москвада боорукер мигрант таксист менен тартылган видео миллиондон ашык жактырууга ээ болду

Фото: кадр из видео Гусейн Гасанов и Арутюн Назарян.

Кыргызстандан Москвага келген боорукер таксист менен тартылган видео 13 саатта 1,1 млн. ашык «лайк» топтогон. Видеонун авторлору азербайжан жана армян улутундагы белгилүү блогерлер, Хусейн Гасанов жана Арутюн Назарян аттуу достор. Жаштар борбор калаадагы таксисттердин боорукердик жана кайрымдуулук деңгээлин текшерүү үчүн социалдык эксперимент өткөрүштү. Такси айдоочуларына бир эле суроо берилген: анда блогерлер такси айдоочуларга акчасын унутуп калганын айтышып, акысыз жеткирип коюуну өтүнүшкөн. Бир нече айдоочу мындан баш тарткан, бирөө гана макул болгон.

https://islamnews.ru/news-video-s-dobrodetelnym-taksistom-migrantom-v-moskve-nabralo-svyshe-milliona-laykov