Москвада биринчи жолу “жарандык эмес паспорт” берилди

Фото: Рамиль Ситдиков / РИА Новости

Фото: Рамиль Ситдиков / РИА Новости.

Москвада жарандыгы жок биринчи адам убактылуу өздүк күбөлүгүн алды. Бул тууралуу «РИА Новостиге» борбор калаанын Коомдук байкоо комиссиясынын (КБК) мүчөсү Ева Меркачева билдирди.

Анын айтымында, баш калаада биринчи «жарандыгы жок жашыл паспорт» 53 жаштагы Якубджан Хакимджановко берилди. Ал Сахароводогу миграциялык борбордо эки жыл болууга аргасыз болгон, анткени анын жарандыгы жок болгондугуна байланыштуу ал кишини эч жакка депортациялоого мүмкүн эмес болчу, дейт Алиева.

Хакимджановдун айтымында, ал Душанбеде төрөлүп, беш жашында үй-бүлөсү менен Астраханга көчүп келген. Ал мектепке барган эмес, «жаш кезинде эле түрмөгө түшүп калган, андан аркы жашоосу ошонтип улаган»,– дейт Меркачева. Москванын КБК мүчөсүнүн айтымында, полиция акыркы жолу ал кишинин өздүгүн аныктай албагандыктан кармаган. Хакимджановто эч бир өлкөнүн жарандыгы жок экени аныкталган. Ал жумуш таап берүүсүн өтүнгөнүн да, кошумчалады Меркачева.

Источник