Москвага кеткен аткан мигранттар үчүн окуу тасмасы даярдалды

Фото : РИА Новости/Александр Кряжев.

Тасма Өзбекстан, Тажикстан, Молдова, Украина жана Азербайжанда көрсөтүлөт. Москванын миграциялык борборунун жетекчиси Николай Федосеев «Интерфакс» агенттигине бул тасма потенциалдуу эмгек мигранттары үчүн видео нускама экенин билдирди. «Тасмада патентти алуу процесси көрсөтүлгөн»,– деп түшүндүрдү Федосеев. Кыска метраждуу тасмада Сахарова көп функционалдуу миграциялык борбордун кызматкерлери, ошондой эле көрүүчүлөргө бир нече сериалдардан жана «Высоцкий. Тирүү болгонуңуз үчүн рахмат» тасмасында эпизоддук ролду аткарган актёр Жамшид Бекмирзаев тартылган.

Источник