Мигранттарды ИИМге АИВ-инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкатты берүүгө милдеттендирүүлөрү мүмкүн

Фото: © Артем Геодакян/ТАСС.

Россияга 90 күндөн узак мөөнөткө келишкен эмгек мигранттарын жана чет өлкөлүк жарандарды, 29-декабрдан тартып ИИМге аларда баңги затынан көз карандылыгынын жана АИВ-инфекциясынын жок экендиги тууралуу медициналык документтерди берүүгө милдеттендирүүлөрү мүмкүн. Бул РФ ИИМинин даяпрдаган буйругунун долбоорунан көрүнүп турат. Документтен көрүнүп тургандай, чет өлкөлүктөр ИИМге медициналык документтерди, алардын мурдараак медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн тастыктоого берилген медициналык документтеринин жарактуулук мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 30 күндүн ичинде берүүгө тийиш болушат. Эгерде чет өлкөлүк жаран 18 жашка толо элек болсо же сот тарабынан ишке жарамсыз катары таанылган учурда, документтерди анын ата-энесинин, кам көрүүчүлөрүнүн же багуучуларынын бири алып келип бере алышат.

https://tass.ru/obschestvo/12967771