Магомаевди эскерүү: Өзбекстандын опера ырчысы веложарышка чыкты

ФОТО : МТРК «МИР».

Өзбекстандын опера ырчысы Ташкент-Москва-Баку Эл аралык веложарышына жалгыз жөнөдү. Бул жолду ал өзүнүн кумири – Муслим Магомаевге арнап, анын туулган күнүндө Москвага барганын кабарчы Андрей Еганов билдирди. «Кезектеги Жеңиш, үчүнчү жолу мен кайрадан улуу Муслим Магомаевге келдим!» – деп кубанат опера ырчысы, велосипед саякатчысы Хурсанд Шеров. Артта дээрлик жети миң чакырым калды, алдыда дагы ошончо бар. Өзбекстандын опера ырчысы Хурсанд Шеров көп жылдан бери ар кайсы өлкөлөрдү кыдырып жүрөт. Бул веложарышын ал өзүнүн кумири Муслим Магомаевдин 80 жылдыгына арнаган. «Достук көпүрөсүн карманам, мен элдердин достугунун ырчысымын, элдердин достугунун желегин көтөрөм жана улуу Муслим Магомаевдин элеси ар дайым жүрөгүмдө! Менин сапарым али алдыда, 14 миң километрди басып өтүп, рекорддор китебине киришим керек. Мен бүткүл жер шарын кыдыргым келет «,– дейт Хурсанд Шеров. Хурсанд күн сайын эки жүз чакырымдан кем эмес жол жүрөт. Өз сапарын Ташкенттен баштады. Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстандын бардык жерлерин кыдырып чыккан. Муслим Магомаевдин туулган күнүн велосипед саякатчысы Москвада белгилөөнү чечти. Музыкант жашаган жана бүгүнкү күндө ага эстелик орнотулган үйдүн жанында. Сапар бою Хурсандга Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү колдоо көрсөтүп атышат. Алар түнөгөнгө жай таап берип, ал-абалын сурап атышат жана Муслим Магомаевдин чыгармачылыгын сүйүүчүлөрү менен жолугушууларды уюштурууда.

Источник