Кыргызстандын муфтийи Россиядагы мигранттарды тарбиялуу болууга чакырды

Фото: kabar.kg/news.

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев Москвада мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Кыргызстан мусулмандарынын Диний башкармалыгы билдиргендей, муфтий мигранттарды тарбиялуу жана үлгүлүү жарандардан болууга чакырды. «Биз Кыргызстанга көлөкө түшүрбөөгө тийишпиз. Сиздер кайсыл гана өлкөдө жүрбөӊүздөр, мыйзамдарды сактоо керек. Бирге жүрүү жана дос болуу зарыл. Бири бириӊизди кырсыкта жалгыз калтырбаӊыздар, эгер сиздер жардам кылсаӊыздар, Аллах баарын көрүп турат жана кийин сиздерге эмгегиӊиздерге жараша кайрымын берет»,– деп айтты муфтий. Жолугушууда чыгып сүйлөгөн дин аалымдары Бактияр Шарапов менен Абдулазиз Юлдашов да мекендештерди жаӊы тааныш күтүп жатып, өзгөчө интернеттен, этият болууга чакырышты. Дин аалымдары дал ошол социалдык тармактарда мусулмандарды динди туура түшүнүүдөн четтетүүчү жалдоочулар баарынан күчтүү иштешерин баса белгилешти.

Источник