Кыргызстандын бийлиги Москвада республиканын эмгек мигранттарын уюшкан ишке орноштуруу боюнча борборду Бишкекте ачууну пландап жатат

Фото: © Sputnik / Pixabay/ Free-Photos

Бул тууралуу шейшембиде Бишкекте өткөн “Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” форумунун жүрүшүндө Кыргызстандын эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. «Москванын «Көп функционалдуу миграциялык борбору» мамлекеттик бюджеттик мекемеси менен түзүлгөн келишимдин алкагында бул мекеменин Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүн ачуу варианты каралган»,– деди ал. Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстандын борборунда бул түзүмдүн өкүлчүлүгүнүн ачылышы кыргызстандык эмгек мигранттарынын Москвада жүрүү шарттарын бир топ жеңилдетет. Тактап айтканда, алар алдын ала дактилоскопиялык каттоо процедурасынан же медициналык текшерүүдөн өтө алышат. Базарбаев белгилегендей, Орусия кыргызстандык эмгек мигранттарынын эң көп иштеген өлкөсү бойдон калууда. «Азыр Россия Федерациясында 700 миңден ашуун жарандарыбыз иштеп жатат»,– деп ишендирди ал.

Источник