Кыргызстандык мигранттар Россияда таксист болуп иштей алышабы

 Светлана Лаптева/ Фото: РИА Новости/Александр Кряжев

Россияда 1-сентябрдан тарта 2022-жылдын 29-декабрындагы N 580-ФЗ жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү жеңил автоунаалар аркылуу ташууну уюштуруу боюнча Федералдык мыйзамы күчүнө кирди. Акыркы эки жумада эмне өзгөрдү, өзгөрүүлөр мигрант таксисттерге жана жалпысынан бул тармакка кандай таасирин тийгизди. Москванын Транспорт департаментинин маалыматы боюнча, 2022-жылга карата Россиянын баш калаасында эле 59,4 миң чет элдик таксист болуп иштейт, анын ичинен 44,6 миңи Кыргызстандан, 5,2 миңи Тажикстандан жана 3,4 миңи Өзбекстандан. 1-сентябрдан тарта алар жаңы эрежеге ылайык кызмат көрсөтө башташат. Эми мыйзамдуу түрдө таксист болуп иштөө үчүн жеке ишкер статусуна ээ болуу жетиштүү.

Источник