Курулуш иштеринде мигранттардан баш тартууга мүмкүн эмес экендигин билдирди

Фото: Евгений Павленко / Коммерсантъ.

Курулуш иштеринде мигранттардан баш тартууга болбойт. Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин «Ведомости» гезиттиндеги интервьюда жогорудагыдай комментарий берди.

Жакынкы арада мигранттардан баш тартууга болбойт, дейт ал. Борбор калаада чет элдик жумушчулардын санын чектөөгө гана болот. «Келгиле чындыкка тике карайлы! Биздин эл чет өлкөлөрдөн келгенин, башка тилдерде сүйлөгөнүн жактырышпайт жана маданияты дагы башка. Бирок мигранттардын кылган кызматтарынын баасы алда канча арзан экенин»,– мойнуна алды Хуснуллин.

Эгер биз мигранттардан баш тартсак, алар кылган кызматтардын баасы эң эле аз дегенде 30 пайызга өсөөрүн белгиледи, ал. Хуснуллиндин сөзү боюнча жумушчунун кызмат акысын колдонуучу төлөйт. «Эгер биз биздин өлкөдө мигранттар кереги жок десек, ал дагы вариант. Бирок анда, көчөлөрдөн карды ким тазалайт? Ким курат?» деп өз комментарийин билдирди Хуснуллин жана азыркы учурда Россияда алты миллион чет өлкөнүн жарандары бар экенин кошумчалады.

Источник