ИИМ чет элдиктердин миграциялык каттоого туруу мөөнөтүн өзгөртүүнү сунуштады

Фото : Lenta.ru

Россиянын ИИМ миграциялык каттоодо чет өлкөлүк жарандарды каттоо системасын өзгөртүүгө, бирдиктүү мөөнөт белгилеп, 7 күндөн 30 күнгө чейин көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Россиянын ИИМ Миграция боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова билдирди. «Биз мыйзам долбоору менен кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде жашаган жери боюнча каттоонун шарттарын аныктоодо бирдиктүү ыкманы сунуштайбыз»,– деди ал. ИИМ мындай чара Россиянын туризминин жагымдуулугуна салым кошот деп эсептейт. «Ошол эле учурда, эгерде чет өлкөлүк жаран, мисалы, мейманканада болсо же вахталык негизде иштесе, бир жумушчу күндүн ичинде каттоо талабы сакталат»,– деп кошумчалады Казакова. Учурда чет элдик жарандар жети күндүн ичинде миграциялык каттоодон өтүшү керек.

Источник