ИИМ: Россияда легалдуу эмес түрдө КМШнын 800 миңден ашуун жараны турушат

Фото: Михаил Терещенко/ТАСС.

Россия ИИМинин башчысынын биринчи орун басары Александр Горовой КМШдагы өзүнүн кесиптештерин мекендештери менен алар тараптан Россияда жүргөн маалында мыйзамдуу максималдуу сактоо жана укук ченемдүү жүрүм-турумду кармануучу үчүн иштерди активдештирүү боюнча чараларды кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу Горовой Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн КООпсуздук кеңештеринин катчыларынын жылдык жолугушуусунда маалымдады. «Биз өз тарабыбыздан конкреттүү маселелерде зарыл болгон маалыматтык жардамыбызды көрсөтүүгө даярбыз», — деп убада кылды ички иштер министринин биринчи орун басары. Анын маалыматтары боюнча, бүгүнкү күндө Россияда КМШнын өлкөлөрүнөн келген беш жарым миллионго жакын, тактап айтканда – 5 486 016 жаран жашап турат. Алардын ичинен 819 652 адам бул жакта турууга карата мыйзамдуу негиздерге ээ эмес.

https://rg.ru/2021/11/17/mvd-v-rossii-nelegalno-nahodiatsia-bolee-800-tysiach-grazhdan-sng.html