ИИМ мигрантарды РФтин мыйзамдарын сактоого чакырды

Фото: портал Национальный Акцент.

Интернетте Россияда иштеген чет элдик жарандарга багытталган социалдык ролик пайда болду. Мигранттар арасында укук бузуулардын, анын ичинде миграциялык мыйзамдардын бузулушун алдын алууга багытталган, укук коргоо органдары тарабынан даярдалган видеотасманы Москванын Улуттук саясат жана аймактар ​​аралык мамилелер департаменти таратып жатат.

Видеотасманынын авторлору 2022-жылдын башынан бери мыйзам бузуулардан улам 6 миңден ашуун мигрант Россиядан чыгарылганын билдиришти. Депортациялангандардын көбү миграциялык документтерге олуттуу мамиле кылышса, ишин уланта алышмак:

— Россия Федерациясынын мыйзамдарын сактоо бийлик органдары тарабынан көйгөйлөрдүн жоктугун камсыз кылат жана Россияда жашап, иштөөгө мүмкүндүк берет, – деп айтылат видеодо.

Видео “Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузбагыла!” деген чакырык менен аяктайт.

Источник