ИИМ алдындагы кеңештин мүчөсү миграцияны жакшы көрүнүш деп атады

Фото с сайта mk.ru

Өлкөлөр ортосундагы миграция позитивдүү процесс. Бул тууралуу 10-февралда ИИМ алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү, миграциялык процесстер боюнча адис Владимир Волох Москвада өткөн маалымат жыйынында билдирди. «Жалпысынан миграция көйгөйүн карай турган болсок, бул позитивдүү көрүнүш. Бул ар кайсы мамлекеттердин ортосундагы байланышты жакшыртат. Миграция жөнүндө сөз кыла турган болсок, чет элдиктер гана биздин өлкөгө келип тим болбостон, биздин жарандар дагы башка өлкөлөргө кетип жатышат»,– деди Волох. Ал ошондой эле мигранттардын олуттуу бөлүгү Орусияга маданият алмашуу же спорттук иш-чаралар аркылуу келерин белгиледи. «Жыл сайын келген мигранттардын жалпы саны 2022-жылы 7 миллион болсо, алардын 2-2,5 миллиону эмгек мигранттары. Белгилей кетсек, алардын басымдуу бөлүгү мыйзамды сыйлаган адамдар»,– дейт коомдук ишмер.

Источник