Гастарбайтер окуучуну сактап калуу үчүн рельске секирди

ФОТО: НАТАЛЬЯ МУЩИНКИНА

Тажикстандан келген эмгек мигранты борбор калаанын метросунда рельске кулап кеткен 10 жаштагы мектеп окуучусун ажалдан сактап калды. Бала телефонго алаксып кеткендиктен, рельске кулап кеткен. «МКга» маалым болгондой, кырсык 13-мартта «Ленин атындагы китепкана» станциясында болгон. Жекшемби күнү 4-класстын окуучусу Максим (аты өзгөртүлдү) кол өнөрчүлүк ийриминен үйүн көздөй бара жаткан, ал жерде бала жыгач менен иштегенди үйрөнчү. Бала тааныш маршрут боюнча Сокольники районуна келе жаткан. Бирок «Ленин атындагы китепкана» метросунда окуучу рельке кулап кеткен.

 – Бир нерсенин кулаган үнүн уктум, анан баланы көрдүм. Бала шоктон кыймылдай албай калган. Кудайга шүгүр, поезд жүрбөй эле болчу – деди кийинчерээк метронун жүргүнчүлөрүнүн бири. – Платформада отургандардын бири дароо кыйкырган: «Алып чыккыла!» Ал эми азиат түспөлүндөгү дагы бирөө рельке секирип түшүп, баланы алып чыккан. Баланы чалкасынан жаткырдык. Мен анын колун кармап, тынчтанта баштадым. Сумкада ​​нашатырь спирти бар экен, – саамайына сүйкөдүм. Кимдир бирөө «тез жардам» чакырганы кетти. Аялдын айтымында, бала капталын көрсөтүп, абдан катуу ооруп жатканын айтып даттанган. Бала телефонго алаксып кетип, рельске кулап кеткенин айткан. Окуучу ооруканага жеткирилип, дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бейтаптын абалы оор – бөйрөгү жана көк боору жарылган. Анын куткаруучусу Тажикстандын 40 жаштагы жараны укук коргоо кызматкерлери менен сүйлөшүүгө туура келген. Ал киши баарын майда-чүйдөсүнө чейин айтып берди. Бала платформынын четин байкабай калып, кулап кеткенин көргөн. Каарман өзү жыйырма жылдан бери Москвада жашап, курулуш жана оңдоо иштеринде иштеп, жан багып келет. Бирок азыр ал жумушсуз.

Источник