Бастрыкин Россиядагы мигранттарды геномдук каттоону киргизүү зарылдыгы тууралуу билдирди

Фото: Russian Investigative Committee/via Global Look Press.

Россиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин жакынкы чет өлкө мамлекеттеринен өлкөгө кирип жатышкан бардык эмгек мигранттарын милдеттүү геномдук каттоону киргизүүнү талап кылды. Ал миграциялык мыйзамдарды коддоштурууну жана жаңы ченемдик актта чет өлкөлүк жарандарды каттоого жана иштөөгө карата уруксат алууга байланыштагы бардык формаларды жазууну сунуштады. Анын айтуусу боюнча, ошондой эле мигранттардын эсепке алууга туруусунун так тартибин жана аларды дактилдик көчүрмөлөөнү түзүү зарыл. Ошону менен бирге Бастрыкин бул маселе боюнча чек аралык контролдоо кызматы менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенишүүсүн жөнгө салууну сунуштады. https://riafan.ru/1546766-bastrykin-zayavil-o-neobhodimosti-vvedeniya-genomnoi-registracii-migrantov-v-rossii