Фото: РИА Новости/ Кирилл Каллиников
Россияда чет элдиктер кирип-чыгууда биометрикалык маалыматтарын тапшыруу боюнча эксперимент башталды
Бир катар өткөрүү пункттарында чет элдиктердин биометрикалык маалыматтарын чогултуу, ошондой эле Россияга кирүү жана чыгуу эрежелерин жана шарттарын текшерүү эксперименти 2024-жылдын 1-декабрында башталып, 2026-жылдын ортосуна чейин созулат.
Россия өкмөтүнүн тиешелүү токтому жекшемби күнү күчүнө кирди. Тактап айтканда, 1-декабрдан тарта Москванын Шереметьево, Домодедово, Внуково аэропортторунда, Москванын жанындагы Жуковский аэропортунда жана Оренбург облусундагы Маштаково жүк-жүргүнчүлөрдү өткөрүү пунктунда чет өлкөлүктөрдөн, ошондой эле жарандыгы жок адамдардан биометрикалык маалыматтар чогултулат: алар сүрөткө тартылып, манжа изи (дактилоскопия) алынат.
Эксперименттин кийинки этабы документке ылайык, 2025-жылдын 30-июнунда башталып, 2026-жылдын 30-июнуна чейин созулат. Бул жерде буга чейин Орусиянын чек арасы аркылуу өткөн бардык өткөрүү пункттары тартылат. Ал эми биометрикалык маалыматтарды өз ыктыяры менен тапшырса болот.